Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мюнхен шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин жыйынына катышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан үчүн айыл чарбасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айтып, ар түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө мүмкүндүк берген өлкөнүн өзгөчө климаттык шарттарын белгиледи.
“Агрардык сектордун потенциалын толук ачуу үчүн биз заманбап технологияларды жана методдорду киргизүүбүз керек жана бул багытта биз Германияны ишенимдүү өнөктөш катары көрөбүз”, - деди өкмөт башчы.
Ал Германиянын агрономия, тамак-ашты кайра иштетүү жана туруктуу айыл чарба тармагындагы жетишкендиктери Кыргызстан үчүн маанилүү жардам боло аларын белгиледи.
“ВСП+ режиминин иштеши биздин айыл чарба продукцияларын Европа Биримдигинин рынокторуна экспорттоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана биз өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө жана продукциянын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берген биргелешкен долбоорлорду түзүүгө ачыкпыз”, - деп кошумчалады Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы чийки зат тармагындагы кызматташуунун потенциалына өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле герман өнөктөштөрү менен Кыргызстандын ресурстарынын кошумча наркын олуттуу жогорулатууга жана экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү чийки затты иштетүү жана кайра иштетүү жаатында кызматташууга даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде кыргызстандык өндүрүүчүлөр сапаттуу продукцияны сунуштоого даяр экенин айтышса, германиялык компаниялар керектүү технологияларды жана тажрыйбаларды бере аларын белгилешти.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Герман ишкерлер кеңеши эки өлкөнүн айыл чарба жана чийки зат тармагындагы мындан аркы кызматташуусунун келечегин жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоочу аянтча болуп, жаңы долбоорлорго жана бекем өнөктөштүк мамилелерге негиз түзүүдө. Кеңешке катышкандар биргелешкен күч-аракеттер эки тарап үчүн олуттуу ийгиликтерге жана өз ара пайдалуу натыйжаларга алып келерине ишене тургандыгын билдиришти.