Кыргызстандын жаш альпинисттери Непалдын 6812 метр бийиктиктеги чокусун багындырды (видео)

Кыргызстандын жаш альпинисттер курама командасы Гималайдагы Ама-Даблам чокусун багындырды. Бул туурасында альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов өзүнүн социалдык баракчасынан билдирди.

Анын айтымында, жаш альпинисттер Михаил Даничкин, Тимур жана Айдар Акбашевдер, ошондой эле Злата Кутанова 6812 метр бийиктиктеги чокуга чыгып, Кыргызстандын желегин көтөрүшкөн.

“Бүгүн жеңиш күн. Кубанычым жүрөгүмө батпай турат. Бүгүн, 13-октябрь саат 8:00дө биздин жаш кураманын альпинисттери легендалуу Гималайдагы Ама-Даблам чокусун багындырышты. Президент Садыр Жапаров берген желек дал ушул чокуда көтөрүлдү. Бул жеңишти жалпы Кыргызстанга, элибизге, жерибизге багыштайбы”, - деп билдирген Кубатов.

Жаш альпинисттер Ама-Даблам чокусунда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан