Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Данияр Рыскулов ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматы билдирген.
Маалымдалгандай, башкармалыкта 9 айды жыйынтыктоочу жыйын болуп өттү. Анда аткарылган иштердин жыйынтыктары айтылып, алдыдагы пландарга тапшырмалар берилди.
Борбордук милициянын башчысы Азамат Токтоналиев өз кезегинде, отчеттук мезгилдеги аткарган иштериндеги кетирилген кемчиликтери үчүн 10 жетекчиге тартиптик жаза берген.
Ошондой эле тартип маселесиндеги кетирилген одоно кемчиликтердин натыйжасында орун басарын өз ыктыяры менен жумуштан четтеткен.