"Мүрзөдөгү эстеликтер жыгачтан даярдалат". Президент маркумду узатуу боюнча жарлык чыгарды

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн төмөнкүлөрдү камтыган тиешелүү фатваларды чыгаруу сунушталды:

- “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамдын 22-беренесине ылайык, тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо, мусулман кабырларынын аймагында таштан, граниттен, мрамордон, металлдан жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салууну;

- мүрзөдөгү эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдарынан даярдалат жана бийиктиги 0,70 метрден ашпайт деп аныктоону;

– маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча эл арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүү.

Мындан сырткары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

– үч айлык мөөнөттө “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрсүн;

– көрүстөндөрдү жайгаштырууга, жасалгалоого жана көрктөндүрүүгө, пайдаланууга жана күтүүгө экологиялык, санитардык талаптарды, мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрүн, аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды жөнгө салган шаар куруу документтерин, типтүү жоболорду (нускамаларды) иштеп чыксын жана бекитсин;

– дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша жана мүрзөгө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин эл арасында дайыма жүргүзсүн.







РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан