Казакстандагы өспүрүмдүн трагедиялуу өлүмү: Банданын башчысы делген адам билдирүү жасады

Коңшу Казакстандын Талгар шаарында 14 жаштагы Шерзат Болаттын трагедиялуу өлүмү резонанс жаратты.

Талгар шаарынын тургундары бул кылмышты Хасан, Аслан жана Ержан аттуу бир туугандар жетектеген "Хуторские" деп аталган кылмыштуу топтун иши менен байланыштырышууда. Иликтөө иштери уланып жатканы менен полиция мындай топтун бар экенин четке кагууда. Бирок полициянын бул билдирүүсү толкундоону токтото алган жок.

Мындан улам Ordа.kz басылмасы банданын башчысы делген Хасан Касымбаев менен байланышкан. Анда ал айылдан 2015-жылы кеткенин, бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин айтып, эч качан мыйзам бузбай тургандыгын кошумчалаган.

"Мен ал айылдан 2015-жылы кеткем, мени эмне үчүн уюшкан кылмыштуу топтун лидери деп атап жатышканын түшүнбөй жатам. Мен эч качан мыйзам бузган эмесмин. Мунун артында ким турганын билбейм. Эч качан адамдарга зыян келтирген эмесмин же бирөөнүн бизнесин тартып алган эмесмин", - деген ал.

Ал ошондой эле каза болгон Шерзат Болатты тааныбай турганын кошумчалаган.

"Бул трагедия жана мен анын ата-энесине көңүл айтам. Ата-эне баласын көмгөн бул өтө коркунучтуу. Муну душманыңа да каалабайсың. Мен Шерзатты да, ата-энесин да таанычу эмесмин. Мен 2015-жылы айылдан кеткендиктен шектүүлөрдү дагы тааныбайм", - деген Хасан Касымбаев.

4-октябрда Талгардагы Азат айылындагы жергиликтүү дүкөнгө агрессивдүү кардар келип, аны менен кызматкерлер жаңжалдаша кетишкен. Ал учурда дүкөнгө атасын көргөнү келген 16 жаштагы өспүрүм дагы болгон. Чырга өспүрүм дагы аралашкан.

Жаңжалдан кийин кардар болуп келген жаран досторуна телефон чалып, окуя болгон жерге анын достору келип, тапанча жана бычак менен балага, анын атасына жана агасына кол салышкан. Өспүрүм каза болгон.

12-октябрга караган түнү өспүрүмдүн үйүнөн өрт чыгып, имарат толугу менен күйүп кеткен. Буга байланыштуу полиция кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, баланын үй-бүлөсү коопсуздук менен камсыз болгон.

Алматы облусунун прокуратурасы кылмышка шектелип жети адам кармалганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан