Бүгүн, 15-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапар менен Пакистандын Исламабад шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүнн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жапаров иш сапардын биринчи күнүндө Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф жана Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Ал эми 16-октябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышары маалым болду.