Бишкектеги "Дөлөн Өмүрзаков" атындагы стадиондун жарыгы Кыргызстан-Түндүк Корея беттешинин алдында толугу менен өчүрүлдү.
Бул оюн алдындагы атайын шоу программага карата жасалды. Стадиондун жарыгы өчкөндөн кийин ырчы Мирбек Атабеков "Кечки Бишкек" ырын аткарды.
Белгилей кетсек, бүгүн, 15-октябрда Бишкекте Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Кыргызстан курамасы Түндүк Корея курамасын кабыл алууда.