Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Исламабад шаарындагы жумуш сапарынын алкагында Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Анда Акылбек Жапаров ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Исламабадда өтүүчү кезектеги жыйынгп катышууга чакырганына жана биздин делегацияга көрсөткөн жылуу меймандостук үчүн ыраазычылыгын билдирди.
"Биздин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү дагы эле төмөн деңгээлде, 2023-жылы 20 миллион доллардын тегерегинде болду. Мен биргелешкен аракеттер менен келерки жылы, 2025-жылы кеминде 100 миллион долларга, орто мөөнөттүү келечекте 500 млн долларга жеткирүүнү сунуштайм", - деди Жапаров.
Ал кошумчалагандай Пакистан, Кытай, Кыргызстан жана Казакстандын ортосунда транзиттик жүк ташуу боюнча кол коюлган төрт тараптуу келишим бар, ал Кыргызстанга Пакистан аркылуу деңизге чыгууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Пакистандык кесиптешине Кыргызстандагы инвестициялык климат жакшырганын айтып, ишкерлер ортосундагы өз ара кызматташтыкты арттыруу максатында, кыргыз-пакистан ишкер кеңешин түзүүнү жана анын биринчи жыйынын келерки жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф, 2025-2026-жылдарда БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө добуш берүүдө Кыргызстан Пакистанды колдогону үчүн терең ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экенин белгиледи.
Ошондой эле жолугушууда тараптар, маданий-гуманитардык кызматташуу, анын ичинде билим берүү тармагындагы тажрыйба алмашууну талкуулашты.