Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кечээ, 15-октябрда Түркмөнстандын Межлисинин төрайымы Дунягозел Гулманова менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча да ой бөлүштү.
Шакиев акыркы жылдары тарыхы, маданияты окшош эки боордош элдин байланыштарын бекемдөө багытында жасалып жаткан иштерге токтолду.
“Кыргызстан Түркмөнстан менен калыптанган достук жана боордоштук алакаларды кеңейтүүгө ар дайым кызыкдар. Айрыкча эки өлкөнүн башчыларынын аракети менен эки тараптуу өнөктөштүк жаңы деңгээлге көтөрүлүп, өз ара ишенимге негизделген кызматташтык жигердүү өнүгүүдө”, - деди ал.
Мындан сырткары энергетика жана туризм жаатында да кызматташуу зарыл экенин айткан төрага айрым транспорттук-транзиттик маселелерге токтолду.
“Кыргызстан Түркмөнстандын транзиттик потенциалын пайдаланууга кызыкдар. Ал эми түркмөн тарап Кытайга жана андан ары Түштүк-Чыгыш Азияга чыгуу үчүн Кыргызстандын транзиттик потенциалын активдүү пайдалана алат”, – деди ал.
Сөзүнүн аягында Шакиев Гулманованы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде Гулманова боордош эки элдин алакасын арттыруу түркмөн тарап үчүн да өтө маанилүү экенин белгилеп, алакаларды өнүктүрүү жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүштү.