Охот деңизинде бороон-чапкынга кабылган үч саякатчынын ичинен жалгыз аман калган Михаил Пичугин эки ай бою эмне менен азыктанганын айтып берди. Бул тууралуу "МК Сахалин" басылмасы жазды.
49 жаштагы Сергей Пичугин, анын 46 жаштагы иниси Михаил жана Сергейдин 15 жаштагы уулу Илья 9-августта деңиздеги саякатын баштаган. Алар Хабаровск аймагынан Сахалинге жол тартып, 150 чакырымдай жолду басып өтүүнү пландаган. Эсептөөлөргө ылайык, жол бир нече саатка созулушу керек болчу, бирок үч күндөн кийин алар менен байланыш үзүлгөн. Буга кайыктын мотору бузулуп, кайык башкаруусуз калганы себеп болгон.
Ачкадан улам Михаилдин агасы жана 14 жаштагы иниси каза болгон. Ал эми Михаил 67 күн аралыгында буурчакты сууга чылап ичип жашаган. Алардын жанында 20 литр гана суу болгондуктан, Михаил жаанда идиштерге суу толтуруп, андан кийин аны пайдаланган. Ал 67 күндүн ичинде 50 килограммдан ашык арыктаган.
Ал жансыз денелерди толкун тартып кетпеши үчүн кайыкка байлап койгон.
Балыкчылар анын кайыгын тапканда ал абалы оор болгондуктан дээрлик сүйлөй албай калган.
14-окятбрь күнү кечинде Ангел кемеси менен балык уулоого чыккан жарандар кайыкты байкап, ага жардам беришкен. Кайык Камчаткадан 23 чакырым алыстыкта деңизде башкаруусуз жүргөн.
Үч адамдын ичинен Михаил Пичугин гана аман калган. Ошондой эле кайыкта иниси менен байкесинин сөөгү болгон.
Учурда Михаил Пичугин ооруканада.