Израилдин армиясы Ливандын түштүгүндөгү Ан-Набатия шаарына массалык абадан сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ливандын расмий маалымат агенттиги NNA билдиргендей, Израилдин согуштук учактары шаардын ар кайсы аймактарында кеминде жети жерге сокку урду.
"Аль-Акбар" гезити "Хезболла" кыймылына жакын Израилдин учактары Набатия шаарына чабуул жасап, анда аталган шаардын мэри набыт болгону кабарланганын билдирген.
Маалыматта израилдик учактар шаардын калктуу пункттарын бомбалоосун күчөтүп жаткандыгы айтылды.
Эске салсак, буга чейин 10-октябрда Израиль биринчи жолу Бейруттун түштүк тарабына аба чабуулун жасаган.