Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азия чемпиондугуна катышат (тизме)

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азия чемпиондугуна (CAVA) катышат. Бул туурасында кечээ, 16-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ага Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан жана Мальдив аралдарынын курама командалары катышат.
Курама команданын тизмеси:
1. Кутманбек Абатаров (коргоочу);
2. Бектурсун Сатылганов (байланыштыруучу);
3. Нурислам Медетбек уулу (борбордук тосмочу);
4. Нурмухамед Токтоев (чабуулчу);
5. Оңолбек Каныбек уулу (диагонал чабуулчу);
6. Ильяз Абдимомун уулу (чабуулчу);
7. Өмүрбек Жунус уулу (чабуулчу);
8. Жамалидин Мусаев (байланыштыруучу);
9. Арген Жаркынбаев (борбордук тосмочу);
10. Жантемир Жээнбек уулу (чабуулчу);
11. Толкунбек Кочконбаев (диагонал чабуулчу);
12. Исламбек Татыкулов (VIS).
Белгиленгендей, курама команданы башкы машыктыруучу Андрей Анкудинов жана улук машыктыруучу Бакыт Алиев жетектеп барат.
Айта кетсек, Борбордук Азия волейбол конфедерациясынын (CAVA) чемпиондугу Өзбекстандын Ташкент шаарында 18-24-октябрь күндөрү өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан