Дүйнөнүн эң бай адамы кечки тамак кымбат болгону үчүн баруудан баш тартты

Америкалык ишкер, SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Норвегиянын мунай фондунун башчысы Николай Танген менен кечки тамакка баруудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, норвегиялык бизнесмен Илон Маскты Ослодогу ресторанга кечки тамактанууга чакырган. Буга америкалык ишкер макул болуп, кийин кайра баш тарткан. Анда Илон Маск Ослого баруу ал үчүн кыйын жана кымбат экенин айткан.

Илон Маск учурдагы дүйнөнүн эң бай адамы. Масктын байлыгы 247 миллиард 500 миллион долларга бааланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан