Бүгүн, 18-октябрда “Ишеним”, “Ынтымак”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман нуру” парламенттик фракцияларынын жыйынында депутат Эрулан Кокулов кесиптештерине нааразы болду.
Анда ал Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев менен болгон жаңжал боюнча сөз сүйлөп, бир ай унчукпай келгенин айтып өттү.
"Менин бул мэрге суроом жок. Менин суроом парламентке. Эгер биз коллегиалдуу орган болсок, анда ошондой бололу, эгер ар кимибиз өзүбүзгө өзүбүз турушубуз керек десек, анда ошентели. Вице-спикерлер, силер депутаттын укугун коргой албасаңар эмнеге отурасыңар? Алып баруучу болуп келдиңер беле? Бизди эл шайлап, анан биз силерди шайлаганбыз.
Урматтуу спикер! Албетте, силердин жумушуңар көп, бир депутаттын артынан жүрө албайсыңар. Бирок мен бир ай күттүм, бир сөз болгон жок бул окуя боюнча. Силер ойлоп көрсөңөр, мен Токмокко эмнеге бардым? Ушундай суроо эч кимде жаралган жокпу?" - деди эл өкүлү.
Ошондой эле депутат Министрлер кабинетинен бул окуяга эмнеге чара көрүлбөй жатканын сурады.
"Министрлер кабинети, эмне үчүн чара колдонбойсуңар? Кыргызстанда мыйзамдарды ушинтип одоно буза берсе болобу? Ар бирөөңөрдүн кылган ишиңерди карап турам. Министрлер, угуп алгыла, биз силерди колдоп турган адамдарбыз, силерди иштеп кетсе экен дейбиз. Бирок силер ылдый жактагыларыңарды карабай жатасыңар. Ар бир видеомду карап көргүлө, ар биринде силерди эшикте бирөөлөр күтүп отурган болот. Иштейли деп келдиңер беле? Биз менен айтышып эмне кыласыңар? Токмоктун мэри боюнча жообуңарды күтөм. Чечкиндүү кадамдарга барып, жообун айткыла. Карап көргүлө, этикадан, мыйзамдан чыкпайлы", - деди депутат Кокулов.