Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов 2021-жылы Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагынын жеңүүчүсү аталган мугалим Илгиз Шамырзаевдин жеңип алган батири боюнча билдирүү таратты. Ал өз социалдык баракчасынан окуяга кенен токтолгон.
“Жеңүүчүгө батир берүү боюнча ошол убактагы вице-мэрлердин бири “Эмаком” курулуш компаниясы демөөрчү болуп жатканын айтып калды. Кыскасын айтканда, жеңүүчүгө батирдин сертификатын тапшыргам. Менин билишимче, батирдин курулушу бүтө элек болгондуктан ачкычы берилбей, батирдин келишим кагазы менен сертификат компаниянын атынан берилген. Ошол жылы мен да Ош шаарынын мэри кызматын тапшырып, кызматтан кеттим. Ошол боюнча көзөмөл кылбай калдык.
Ушул жылдын апрель айында Илгиз агайды ошол убактагы ЖКнын депутаты Эмил Жусупов менен видео байланыш аркылуу сүйлөштүрдүм. Сөз мага да баары бир тиет, ушул агаң сага батир берген, чечишип, батирдин Жусуповдон алып алгын деп айткам. Жусуповдон 7 ай мурун берип коюуну сурангам”, - деп билдирген Сарыбашов.
Ошондой эле учурда аны күтпөстөн юридикалык жагын карап, батир маселесин чечип берүү убадасын белгиледи.
“Курулуш компаниясынын абалы азыр оор экендиги, канчалаган башка жарандар да батирлерин ала албай жүргөнүн интернеттен окуп, көрүп жүрөбүз. Компания толук агайга берилчү батирге жооптуу болчу. Бирок жаш мугалимди ар кайсы эшикти каккылашын мен да каалабайм. Ушундай болбосун деп экөөнү буга чейин эле сүйлөштүрдүм эле. Маселе чечилбеди. Юристтерге айтып, мугалимдин колундагы документтерди карап чыккылачы дедик. Мен дайым мугалимдерди колдоп келгем. Анткени мени да мугалим тарбиялаган. Эл катары миграцияда жүрүп, батирлеп жашаган адамдардын абалын абдан жакшы түшүнөм. Илгиз агайдын батир маселесиндеги убадасы, юридикалык жактан тастыктаган документтерди колу менен берген тиешелүү адамдар чечип бербесе да, мен чечип берем. Бүгүн жардамчыларым аркылуу Илгизге да айттырдым. Илгизди батирлүү кылабыз! Илгиздин эч качан мугалимдик кесиптен көңүлү калбашы керек”, - деди эл өкүлү.
Белгилей кетсек, Ош шаарында билим берүү тармагында иштеген жаш мугалим Илгиз Шамырзаев "Азаттык" радиосуна маек берип, сынактарда утуп алган эки батир тең колуна тие электигин билдирген. Учурда ал акча төлөп батирде жашаарын айткан.