Бишкекте Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо 2024-жылкы Кыргызстандын Суперкубогунун беттеши орун алды. Бул тууралуу кечээ, 20-октябрда Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Анда Суперкубок үчүн өлкөнүн учурдагы чемпиону "Абдыш-Ата" футболдук клубу жана өлкө кубонунун ээси "Мурас Юнайтед" кез келишти.
Маалым болгондой, Кант шаарынын "Абдыш-Ата" клубу 2024-жылкы Суперкубоктун ээси болду.
Ошондой эле КФБнын атынан "Абдыш-Ата" клубуна 2024-жылкы Кыргызстандын Суперкубогун жеңгендиги үчүн 20 миң доллар өлчөмүндөгү сыйлык сертификаты тапшырылды.