Израилдин Ливанга болгон кол салуусунан улам 400 миңге чукул жаран Сирияга чыгып кетти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, 22-сентябрдан 18-октябрга чейин, Сирияга Ливандан келгендердин саны 395 миң 485 кишиге жеткен. Алардын 124 миңи ливандыктар болсо, 271 миңден ашуун сириялык өз мекенине кайткан.
Сириянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 26 күн аралыгында 28 миңден ашык чет элдик жаран акысыз медициналык кызмат алган. Аны алкагында кайрылган жарандарга хирургиялык операциялар болуп, психикалык жактан жардамдар көрсөтүлгөн, ошондой эле эмдөө иштери жүргөндүгү маалыматта кошумчаланган.