Арзыбек Кожошев Түркияда кыргыз-түрк транспорттук байланышын талкуулады

Түркиянын Стамбул шаарында 2024-жылкы Дүйнөлүк Конгресстин алкагында транспортту туруктуу өнүктүрүү үчүн стратегиялык пландоо боюнча министрлердин жыйыны өттү.

Евразия экономикалык бирлигинен билдиришкендей, жыйында ЕЭК министри Арзыбек Кожошев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу башталганын белгиледи. Бул маанилүү инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу менен алектене турган жана ишти координациялоо үчүн биргелешкен компания түзүлгөнүн билдирди.

Ошондой эле Арзыбек Кожошев аталган долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу таасирин тийгизип, анын дүйнөлүк транспорт системасына интеграцияланышына көмөктөшөрүн айтып, Түркия менен салттуу жылуу жана боордоштук мамилелерин сактаган өлкөнүн эл аралык соода агымындагы стратегиялык мааниси жогорулап, Евразиянын транспорттук алкагынын маанилүү бөлүгү болуп каларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча улуттук долбоор Кытайдан Европага жана Жакынкы Чыгышка Казакстан аркылуу жүк ташуу маршрутун 900 чакырымга кыскартып, жеткирүү 7-8 күндү үнөмдөйт. Ал эми Орусия аркылуу өткөн каттам болжол менен салыштырмалуу 3000 чакырымга кыскарат.

Айта кетсек, 2024-жылкы Дүйнөлүк конгресстин алкагында транспортту туруктуу өнүктүрүү үчүн стратегиялык пландоо боюнча министрлердин жыйыны Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министрлигинин колдоосу астында Эл аралык жол федерациясы (IRF) тарабынан уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан