Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы Вьетчиде алгачкы машыгуусун өткөрдү

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы Азия кубогунун тандап алуу оюндары өтө турган Вьетнамдын Вьетчи шаарына барып, алгачкы машыгуусун өткөрүүгө жетишти. Бул туурасында кечээ, 21-октябрда Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.

Маалым болгондой, машыктыруучу Игорь Никитиндин жетекчилиги алдындагы U-17 курамасы 23-27-октябрь күндөрү Азия Кубогунун жолдомосу үчүн беттешет. Курама команда «I» тайпасында жайгашкан Мьянма, Йемен жана Вьетнамдын курамалары менен ойнойт.

Белгилей кетсек, тандап алуу оюндарына жалпысынан 10 тайпага бөлүнгөн 43 курама команда катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан