Кыргызстан көз карандысыздыгын тааныбайт деген Абхазиянын унаалары өлкөдөгү унаа базарларда сатылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Улукбек Ормонов белгилеп, бул маселеде укук коргоо органдарынын кызыкчылыгы бардай туюларын айтты.
Жыйында Армения менен Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келинген унаалар боюнча түзүлгөн кырдаал талкууланды. Анда Башкы прокуратура, ИИМ, Бажы кызматынын өкүлдөрү маалымат беришти. Бул талкуу депутат Ормоновдун 10-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында көтөргөн маселесинин негизинде болду. Парламентте эл өкүлү аталган өлкөдөн кирген унаалар боюнча маселе тийиштүү комитетте каралышы керектигин сунуштаган.
"Унаа базаларда Тышкы иштер министрлиги тааныбайбыз деген Абхазия номурундагы унаалар сатылып жатат. Армения номуру, оң рулдуу унаалар дагы сатылып жатат. Керек болсо алар жарнамага чыгып, аны көрүп эл алып жатат. Абхазиянын унаалары өлкөгө кирбесин деп жатса, эмне үчүн алар кирип жатат? Эмнеге укук коргоо органдары мунун үстүнөн иштебейт? Элге күч түзүмдөрү өздөрү мүмкүнчүлүк берип жатышат. "Алып келе бергиле, кийин чогулганда кандайдыр бир жол менен мыйзамдаштырып беребиз" деген бир "сигнал" бардай да", - деди ал.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Армения менен Абхазиядан ташылып келген унаалар өлкөгө тетик катары кирип, бирок кийин мыйзамсыз чогултулуп жатканын белгиледи.
Ормонов койгон суроосуна так жооп ала албаганын айтып, Аширходжаевдин жообуна суроо узатты. Ал "тетиктер мыйзамдуу кирип, бирок кийин унааларга колдонулса мыйзамсыз болуп калабы?" деди.
Министрдин орун басары буга Кыргызстандын каттоосунда турган унаага тетик катары колдонулса мыйзамдуу болорун белгилеп, бирок унаалар ал жактан чачылып келип, өлкөгө киргенде толугу менен чогултулуп, жасалма документ алынып жатканын айтты.
Ормонов берилген суроолоруна так жооп ала албаганына нааразы болду. Жыйынтыгында маселени кароо комитеттин кийинки жыйынына жылдырылды.