Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Медер Алиев менен Чолпон Султанбекова кайым айтышты.
Анда "Судьялардын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан. Комитет төрайымы Чолпон Султанбекова биринчи окууда каралгандан 10 күн өткөндөн кийин кесиптеши Гуля Кожокуловадан сунуштар келип түшкөнүн айтты. Ошондой эле ал мөөнөтү өтүп кеткендиктен сунуштарды карашса регламент бузуларын айтып, кандай кылалы деп депутаттардан сурады.
Медер Алиев бул комитет өзү мыйзамдар тууралуу комитет болгондуктан ар бир аткарылып жаткан иштер мыйзам чегинен сырткары болбошу керектигин белгилеп, регламент боюнча мөөнөтү өтүп кеткенден кийин төрайымга аны эч кимден сурабашы керектигин айтты.
Султанбекова: Мен эч кимден сураган жокмун.
Алиев: Сиз сурадыңыз го.
Султанбекова: Эми токтоп туруңуз!
Алиев: Сөзүмдү бүтүрүп коёюн эми.
Султанбекова: Жок, сизге азыр сөз берем. Бул комитеттин мүчөлөрүнө кат келгенден кийин аны бербей коюуга акым жок...
Алиев: Мага уруксатпы, эми?
Султанбекова: Сиз мага үйрөтпөңүз!
Алиев: Мен үйрөткөн жокмун, мыйзамдын аткарылышын талап кылып жатам.
Султанбекова: Анда менин атымды атабай сүйлөңүз!
Алиев: Сиз мыйзамды билбесеңиз, билбейм деп эле айтыңыз!
Султанбекова: Мыйзамды билген үчүн ушундай чечимге келдим.
Андан соң Алиев мыйзамда биринчи окуудан 10 күн өткөндөн кийин сунуштар кабыл алынбай турганын белгилеп, регламент боюнча иш алып барууга чакырды. Султанбекова "жакшы сабак" алганын айтып, комитеттин корутундусун окууга өттү.