Бүгүн, 22-октябрда Кыргызстандын футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстанга иш сапары менен келген Азия футбол конфедерациясынын президенти Салман бин Ибрагим аль-Халифа менен жолугушту. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдигинен кабарлады.
Маалымдалгандай, анда Кыргызстанда футболду өнүктүрүү маселеси талкууланды.
Ташиев биримдик өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган 18 жаңы долбоорду ишке киргизгенин айтып, анын ичинде ар кайсы аймактарда иштеп жаткан стадиондорду реконструкциялоо жана жаңы спорттук имараттарды куруу кире тургандыгын айткан.
Белгилей кетсек, жыл аягына чейин 12 объект ишке берилери күтүлүүдө.