Бүгүн, 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Ынтымак" фракциясынын лидери Марлен Маматалиев партиялашы Эрулан Кокуловго болушту.
Эл өкүлү кесиптеши менен Токмок шаарынын мэринин ортосундагы жаңжалга токтолуп, депутаттарды парламенттин кадыр-баркына шек келтиргендерге биргелешип жооп кайтарууга чакырды.
"Эрулан ал жакка ойноп барган жок да. Ушул мектеп бүтпөй жатат, сапаты начар деген элдин кайрылуусу менен барган. Ал мэр интервью бергенди жакшы көрөт экен. Кайра интервью берип, жалпы парламенттен кечирим сурап койсун! Анда айтылган көйгөйлөргө токтолуп, мектепти бүтүрөм деп да айтып койсун! Ал өзүн хан сезип алыптыр, "Мен сүйлөп жатканда силер депутатка жооп бербегиле!", "Колуңду чөнтөгүңдөн чыгар!" деп айтып жатат. Керек болсо аны ротация кылып башка жакка алып барып коюш керек, ошондо бат эле ордуна коюшат", - деди Маматалиев.
Буга чейин 18-октябрда Эрулан Кокулов кесиптештерине нааразы болгон. Анда ал Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев менен болгон жаңжал боюнча сөз сүйлөп, бир ай унчукпай келгенин айтып өткөн.
Эске салсак, 17-сентябрда социалдык тармактарда депутат менен мэр тирешкен видео тараган. Аны Кокулов бөлүшүп, Токмок шаарына жарандардын көйгөйүн угуу үчүн барганын айткан. Видеодон эл өкүлү алгач калаа башчысынын иш бөлмөсүнө барып, маселени талкуулаганы экөө чогуу жерине келгенин, жеринде алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, кайым айтышканын көрүүгө болот.
Андан соң Эрулан Кокулов SUPER.KG порталына Максат Нусувалиев менен чырдаша кеткени боюнча комментарий берген.
Ага Нусувалиев жооп кайтарып, окуянын чоо-жайын түшүндүргөн. Ошондой эле ал "таракан" кубалап жүрүп депутат болгон киши ага баа бере албай турганын айткан.