Бүгүн, 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында 4-июлда Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргызстан" менен "Азия өнүктүрүү банкынын" ортосундагы “Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.
Мыйзам долбоору Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарындагы саркынды сууларын тазалоочу системаларын куруу, экологиялык абалды жакшыртуу жана туризмдеги маселелерин чечүү максатында иштелип чыккан. Бул милдеттерге жетишүү үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 56 миллион доллар көлөмүндө каражат тартуу пландалууда, анын ичинде 31 миллион доллары грант жана 25 миллион доллары кредит катары.
Долбоордун алкагында Чолпон-Ата шаарында саркынды сууларды тазалоонун суткалык көлөмү 14,2 миң куб метр болгон канализациялык тазалоочу курулмаларды куруу пландаштырылууда. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарында, Бостери жана Кара-Ой айылдарында 150 чакырымдан ашык канализация системасын, 11 чакырым жөө жана велосипед жүрүүчү жол, Чолпон-Ата шаарында Тарых музейин жана 3 эс алуу паркын куруу пландаштырылууда. Чолпон-Ата шаарындагы Туризм объекттеринин, петроглифтердин жеринин инфраструктурасынын абалын жакшыртуу пландаштырылууда.