"Маданият министрлигинин жумушу ушулбу?" Акаев жалган жалаа үчүн айып салуу мыйзамын сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткандарга айып салуу тууралуу мыйзам долбоорундагы айып пулдун көлөмүн азайтууну же таптакыр алып салууну сунуштады.

Эл өкүлү мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн укук бузууларга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эмес, сот органдары юридикалык баа бериши керектигин белгиледи.

"Биринчиден, кайсы бир жаранга жалган жалаа жабылса, азыркы мыйзамдар деле анын укугун коргой алат. Экинчиден, 100-200 миң сом айып пул салуу сунушталып жатат, бул өтө чоң сумма. Экинчи окууда миң, эки миң сом кылып келсеңер деле жетиштүү болот. Негизи мен айып салууга каршымын.

Эми элестетсеңиздер, бирөө кимдир бирөөгө жалаа жапты деп Маданият министрлиги тараптарды алып келип алып, экөөнү сураштырып, беттештирип жатканын. Маданият министрлигинин жумушу ушулбу? Маданият министрлигинин иши таптакыр башка да. Ал үчүн сот бар да. Экинчи окууда сот карасын деп өзгөртөлү", - деди Акаев.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. Ага каттоодон өткөн 80 депутаттын 63ү "макул" болсо, 6 эл өкүлү "каршы" добушун берди.

Мыйзам долбооруна ылайык, интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жаап, мазактаган же жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушталууда. Мыйзамды көзөмөлдөөчү орган катары Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бекитилген.

Жогорку Кеңеш 23.10.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан