Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов мектептерде ыйман сабагын киргизүүнү сунуштады.
Айтымында, ага ардагер мугалимдер муну ишке ашырууга көмөктөшүүнү өтүнүп кайрылышкан.
Эл өкүлү Билим берүү министрлигин бул маселени карап көрүүгө чакырды.