Рахима Айкымбаеванын өлүмү боюнча айыпталуучуга сот чечими чыкты

Бишкек шаарында 34 жаштагы Рахима Айкымбаеванын өлүмүнө байланыштуу иш сотто каралып, чечим чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан бүгүн, 24-октябрда маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 22-октябрда өткөн сот отурумунда айыпталуучу Б.К. күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркиндигинен ажыратылды.

"Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, Б.К. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфикациялоо менен 15 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалды. Жазаны жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөө белгиленген", - деп жазылат анда.

Ошондой эле жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жарым-жартылай канааттандырылып, айыпталуучуга 300 000 сом моралдык зыян төлөө милдеттендирилди.

Эске салсак, Бишкектеги Кут жаңы конушунда үч баланын энеси, 34 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнүн колунан каза болгону кабарланган. Окуя 4-апрелге караган түнү болгонун укук коргоочу Назгүл Турдубекова кабарлаган.

4-апрелде Биринчи май райондук милициясы кылмышка шектүү 1991-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалганын билдирген болчу. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгону маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан