Таиландда Жамиля Жаманбаева акыйкатчылардын жыл сайын өтүүчү 29-жыйынында гендердик теңчилик көйгөйүн көтөрдү 

Жамиля Жаманбаева Таиланддын Бангкок шаарында акыйкатчылардын Азия-Тынч океан форумунун (АТФ) жыл сайын өтүүчү 29-жыйынында гендердик теңчилик көйгөйүн көтөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

"Кыргызстанда кыз-келиндердин укуктарынын корголушу менин өзгөчө көңүл борборумда. Ата-энеси миграцияда жүргөн, жарым жетим, томолой жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кыздары эрте никеге турууга аргасыз болушууда. Ошондуктан калктын аярлуу катмарынын арасында гендердик теңсиздик маселеси олуттуу көйгөй бойдон калууда ”, - деди акыйкатчы.

Жамиля Жаманбаева Монголия, Непал, Пакистан, ОАЭнин өкүлдөрү менен пикир алышып, аталган өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарынын сакталышын камсыздоо тууралуу сүйлөштү.

"Бул форум ири аймактык бирикме болуп саналат. Форумдун максаты – катышуучу-өлкөлөрдүн улуттук укук коргоо институттарынын өнүгүшүнө жана чыңдалышына эл аралык кызматташтыкты координациялоо, окутуу, тажрыйба жана ресурстарды жайылтуу аркылуу көмөк көрсөтүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынга 26 өлкөнүн адам укуктары боюнча өкүлдөрү катышты. Анын ичинен, 16 өлкө аталган форумдун толук кандуу мүчөсү “А” статусу менен, 9 өлкө “В” статусу менен катышуучу болуп жана Ооганстан көз карандысыз мүчө катары катышты.

2012-жылы Улуттук укук коргоочу мекемелердин Глобалдык альянсы Кыргызстандын Акыйкатчы институтуна Париж принциптерине толук шайкеш келбейт деген негизде "Б" статусун ыйгарган.

Азыркы учурда “В” статусу менен акыйкатчы Глобалдык альянсынын чогулуштарына гана катышып, бирок добуш бере албай жана жетектөөчү кызмат орундарын ээлей албай келет.

Белгилей кетсек, Азия-Тынч кеан форумуна толук кандуу мөчө болуп, добуш берүү укугуна, олуттуу көйгөйлөрдү чечүүгө катышуу үчүн “А” статусуна ээ болуусу зарыл.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту аталган эл аралык форумдун “А” статусун алуу үчүн көз карандысыздыгын жогорулатып, эл аралык келишимдерди ратификациялоону алга илгерилетүү жана адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарды сактоо үчүн мандатын жогорулатуу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан