Бүгүн, 25-октябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 219 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 262 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 370 куб метрди түзүүдө.
Эскертте кетсек, бир ай мурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 963 миллион куб метрди түзгөн.