Өлкөнүн Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Швейцария тобунун аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Касымалиевдин АКШнын борбору Вашингтон шаарына болгон иш сапарынын алкагында орун алган. Анда тараптар "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушун каржылоо жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган негизги долбоорлорду талкуулашкан. Өкмөт башчынын орун басары "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоору Борбор Азиядагы энергетикалык коопсуздукту жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн кыймылдаткычы катары маанилүү экенин белгилеген.
"Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстанды таза жана арзан энергия менен гана камсыз кылбастан, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экономикалык өсүштү стимулдаштырууга жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деген ал жолугушууда.
Өз кезегинде Беатрис Мазер Дүйнөлүк банк "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. Ал бул долбоордун бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмү үчүн да маанисин жогору экенин белгилеп өткөн.
Ошондой эле тараптар Кыргызстандын учурдагы экономикалык абалын, мамлекеттик башкаруудагы реформаларын талкуулашкан. Жолугушуунун соңунда Касымалиев Мазерди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.
Маалымат үчүн:
Беатрис Мазер – Дүйнөлүк банктын Швейцария тобунун аткаруучу директору болуп иштейт. Бул топтун курамына Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Польша, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Швейцария кирет.