Тарыхый сүйлөшүүлөр болуп... Нарында Кытай менен биргеликте ишке ашчу 4 ири заводдун курулушу башталды

Бүгүн, 25-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында 4 заводдун курулушуна капсула салуу аземине катышты, алар “Нарын СЭЗ - Кашкар СЭЗ” индустриалдык паркында жайгаштырылат. Бул туурасында өкмөт башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, “Нарын-Шумкар” унаа куроочу завод, “Нарын чырак” светодиоддук лампа чыгаруучу завод, “Нарын кагаз” кагаз буюмдарын чыгаруучу завод, айыл чарба дрондорун чыгаруучу “Нарын алгыр технолоджи” ишканасы курулат.

“Бүгүнкү иш-чара биздин коңшубуз Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилелердин жаңы, жогорку деңгээлге чыкканынын белгиси. Президент Садыр Жапаровдун былтыр Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен тарыхый сүйлөшүүлөр болуп, анын жыйынтыгында жаңы доордогу стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол коюлуп, бүгүнкүдөй кадамдарга жол ачылган. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндө 128 объект ачылса, ал эми Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөн күнүнө карата 14-октябрга карата дагы 45 объект ишке берилди. Жылдын аягына чейин дагы 100 объектти ачуу пландалууда. Ачылган ишканалардын көбү өндүрүштүк, анын ичинде Ат-Башы эл аралык соода-логистикалык борборундагы “Нарын мото” компаниясы, мык чыгаруучу завод жана башка ишканалар”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгиленгендей, "Нарын-Шумкар” автозаводуна 130 миллион доллар инвестиция тартылат. Курулуш аяктагандан кийин заводдо 10 миңден ашык жумушчу орун түзүлүп, жылдык өндүрүш көлөмү 20 миңден ашык автоунааны түзөт.

Ал эми “Нарын чырак" светодиоддук лампа чыгаруучу заводго 10 миллион доллар инвестиция тартылып, жылына 30 миллион лампа чыгарып, 200гө жакын жумуш орундарын түзүү пландалууда.

Мындан тышкары “Нарын кагаз” кагаз буюмдарын чыгаруучу заводдун курулушуна 10 миллион доллар жумшалат, жылына 6 миң тонна кагаз продукциясын чыгаруу жана 100дөн ашык жумушчу орундарын түзүү күтүлүүдө.

Ошондой эле “Нарын алгыр технолоджи” ишканасы айыл чарбасы үчүн дрондорду чыгарып, 50дөн ашык жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан