Төрага Шакиев гимн тууралуу: Мындай өзгөртүүлөр башка өлкөлөрдө да болуп келет

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнге өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун көтөрдү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, бул тууралуу төрага Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана анын биринчи жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына карата Жогорку Кеңеште уюштурулган салтанаттуу иш-чара учурунда билдирди.

Гимн – мамлекеттик же социалдык бирдиктин символу катары кабыл алынган салтанаттуу ыр. Андыктан мамлекеттик гимн бардыгы ырдап, аткара алгыдай, жалпыга бирдей ыргакта болушу керек. Тагыраагы, беш жаштан токсон жашка чейинки өлкөбүздүн жарандары кайсы учур, кандай кырдаал болбосун оңой ырдап кеткидей жазылышы зарыл”, – деди Шакиев.

Ал муну менен катар башка өлкөлөрдүн мамлекеттик гимндерин да мисал кылды.

“Биздики буга чейин да өзгөртүлүп, текстинен бир куплети толук алынган. Мындай өзгөртүүлөр башка өлкөлөрдө да болуп келет. Андыктан эгемендигибиздин негизги символу саналган гимнибиздин текстин да кайрадан карап чыгып, бүгүнкү күндөгү чакырыктарга жана өлкөбүздүн өнүгүү багытына ылайыктап, элибизди мекенчилдикке жана өнүгүүгө карай үндөгөн өзгөртүүлөрдү киргизүүбүз кажет”, – деди төрага.

Ошондой эле ал текстин иштеп чыгууда коомчулуктун кеңири талкуусуна коюлуп, акын, тарыхчы, окумуштуу, композитор өңдүү тиешелүү адистердин кароосунан өтөрүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан