Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы "Достук" паркын ачты. Ага Ташиев дагы катышты (фото)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын жана Орусиянын аймактарынын Достук паркынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинети маалымдады.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Жапаров алгач Жалал-Абад шаарынын тургундарын шаар күнү менен куттуктап, бул парк алдыда Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын жана конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланып, эки өлкөнүн аймактарынын достугун, келечек муундардын байланышынын символу болооруна ишенээрин билдирди.

“Эс алуу жайдын ачылышы бүгүн, 26-октябрда өткөрүлүп жатканы да бекеринен эмес. Бүгүн тарыхы терең, өзгөчө табиятка бай, меймандос эли менен айырмаланган, Кыргызстаныбыздын үчүнчү ири шаары – Жалал-Абад шаарынын күнү. Бул Достук паркы Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуп, көркүнө көрк кошот”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле, акыркы жылдары Жалал-Абад шаары кайрадан жаңыланып, алгылыктуу жумуштар жасалып жатканына токтолгон.

Кыргызстандын жана Орусиянын аймактарынын Достук паркынын жалпы аянты 8,2 гектарды түзөт. Паркта коомдук жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтчалар, фонтандар, веложолдор, балдар аянтчалары, көркөм өнөр объектилери сыяктуу заманбап паркка тиешелүүнүн баарын кезиктирүүгө болот. Ошондой эле, бак-дарактардын жана гүлдөрдүн түрлөрү отургузулган.

Белгилей кетсек, бул парк Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун каржылоосунда курулду, бөлүнгөн каражаттын көлөмү 2 миллион доллар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан