Акыркы сутка ичинде республика аймагында 39 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 1-январда билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облусунда 4, Ош шаарында 3, Чүй облусунда 14, Бишкек шаарында 10, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоо мештердин, морлордун туура эмес түзүлүшүнөн, электр жабдууларын жана пиротехникаларды туура эмес колдонуудан келип чыккан.