Казакстандын Талгар шаарында болгон 16 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги 5 берене боюнча иликтейт. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министри Эржан Саденов билдирген.
Белгиленгендей, тергөө иштери Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин беш беренеси боюнча жүрүп жатат:
Атайын киши өлтүргөн деген шек менен 8 адам, кылмыш тууралуу кабар бербеген 3 адам кармалган.
"Тергөө иштери уланууда. Анын алкагында окуя болгон жерде болгон башка адамдардын да катыштыгы бар-жогу текшерилип, алардын аракеттерине юридикалык баа берилет", - деп ишендирген министр.
Эске салсак, 4-октябрда Талгардагы Азат айылындагы жергиликтүү дүкөнгө агрессивдүү кардар келип, аны менен кызматкерлер жаңжалдаша кетишкен. Ал учурда дүкөнгө атасын көргөнү келген 16 жаштагы өспүрүм дагы болгон. Чырга өспүрүм дагы аралашкан.
Жаңжалдан кийин кардар болуп келген жаран досторуна телефон чалып, окуя болгон жерге анын достору келип, тапанча жана бычак менен балага, анын атасына жана агасына кол салышкан. Өспүрүм каза болгон.
12-октябрга караган түнү өспүрүмдүн үйүнөн өрт чыгып, имарат толугу менен күйүп кеткен. Буга байланыштуу полиция кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, баланын үй-бүлөсү коопсуздук менен камсыз болгон.