Президенттин жарылыгына ылайык, "Инфоком" мамлекеттик ишканасы президенттин иш башкармалыгынын карамагына өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкармасынын башчысы
Каныбек Туманбаев Фейсбук баракчасына
жазды.
Анда кабарлангандай, Туманбаев бүгүн калкты тейлөө борборлорун кыдырып, абалы менен таанышып чыкты.
"Алдынкы убакта жарандарыбызды кезек күттүрүп отурбай эле, документтерди үйүнөн буюртма берип тапшыруу шартын түзүп беребиз. Санариптик кызмат көрсөтүүнүн алкагында документтер, маалым кат ж.б тиешелүү маалыматтарды жеткирүү кызматы менен ала тургандай кылабыз" деп жазды ал.