"Көпчүлүк адамдар өзүнүн ден соолугунан акчасын аяшат". Пульмонолог Рахат Жумалиева менен маек

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, акыркы убакта ар бир секунд сайын дүйнөдө бир адам кургак учук оорусун жуктурууда.

Кургак учук – эң байыркы дарттардын бири. Египетте эки миң жыл болгон мумияны табышканда, анын сөөктөрүнөн кургак учукка кабылып каза болгондугун илимпоздор изилдеп чыгышкан. Ошондой эле башка дагы табылган фараондордун калдыктарынан кургак учуктун белгилерин алардын сөөктөрүнүн кыйшаюусунан таап чыгышкан. Муну менен бирге эле Гиппократтын эмгектеринен кургак учуктун сүрөттөмөлөрүн тапса болот. Ошондой эле башка дагы ошол кездеги Египеттин, Кытайдын, Индиянын, Грециянын доктурларынын эмгектеринен кездештирсек болот.


Улуттук фтизатрия борборунун пульмонолог жана фтизиатр адиси жана MEDLIT жеке клиниканысынын дарыгери Рахат Жумалиева SUPER.KG порталына маек берип, жөтөлдүн түрлөрү, кургак учук, өпкө рагы тууралуу кеп кылды.

- Пульмонолог кандай ооруларды дарылайт? Бейтаптар сизге кандай көйгөйлөр менен көп кайрылышат?

- Пульмонолог – өпкөнүн өнөкөт ооруларын дарылай турган адис. Ал бронхит, пневмония, ошондой эле вирустук, бактериялык пневмония, астма ооруларын дарылайт.

Бейтаптар бизге өпкө оорусу менен көп кайрылышат. Бизге ички мигранттар, эч жерде каттоосу жок жөтөл оорусу менен кайрылгандардын саны өтө көп. Жөтөлгөн бейтаптар бир эле өпкө оорусу менен ооругандар эмес, алар башка ооруларга да чалдыгып калышы мүмкүн. Көптөгөн адамдар жөтөлдү үй шарты менен дарылап, ар кандай антибиотиктерди ичип, өөрчүтүп алышат.

- Жөтөлдүн түрлөрүн айтып берсеңиз?

- Жөтөлдүн бир нече түрү бар. Өнөкөт бронхитте, өнөкөт өпкө ооруларында, астмада ошондой эле кургак учук илдетинде дагы жөтөл пайда болот. Ошондой эле бейтаптардын организимине витаминдер жетишпеген учурда, каны анемиага чалдыкканда жөтөл пайда болуп, токтобойт. Жөтөлүп жүргөн бейтаптарга жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп туруусун сунуштайт элем. Ошол эле учурда ал бейтаптар өпкөнү тарттырып туруусу абзел. Себеби бейтаптардын көпчүлүгү өз алдынча дарыланып, айыгып калам деп жүрө берип, кургак учукка айландырып алышат.

- Кургак учуктун белгилери кандай?

- Эгерде үч жумадан ашык жөтөлсө, дене табы көтөрүлсө, жөтөлгөн учурда какырык кан менен аралашып чыгып жатса, ириң чыкса, же кургак жөтөл болуп жатса, анда түздөн-түз пульмонологго кайрылуу керек. Же үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу кажет. Жөн эле убакытты созуп, ооруну өөрчүтүп албаңыздар.

Кургак учук оорусу аба аркылуу жугат. Идиш-аяктан, чогуу отуруп чай ичкенден, баарлашуудан жукпайт. Өпкө оорусуна чалдыккан адам какырганда, жөтөлгөндө какырыктын тамчылары менен, аба аркылуу жугат. Кургак учук оорусу көп учурда өнөкөт оорулары менен жабыркаган адамдарга жугат. Тактап айтканда, бронхит, астма, кант диабети, анемия, кан басымы жогоруларга, кош бойлуу аялдарга, иммундук системасы төмөн болгон адамдарга бат жугат.

- Кургак учук оорусун кантип алдын алууга болот?

- Албетте, кургак учук оорусун алдын алууга болот. Негизи кургак учук көп оорулардын бет кабын кийип башталат. Себеби ал оору менен ооруган адамдар эч качан кургак учукмун дешпейт. Көпчүлүк адамдар сасык тумоо менен ооруп жатам деп дарыканага барып, антигриппин аттуу дарыларды алып иче беришет. Кургак учук пневмония, бронхит сыяктуу болушу мүмкүн. Негизи жогоруда аталган оорулардын баарынын белгилеринде окшоштук бар. Биздин бейтаптар көп учурда өтүшүп, кан түкүрүп башташканда гана дарыгерге кайрылышат. Бул эң чоң көйгөйлөрдүн бири.

Бизге жарандар көп учурда жолдомо кагазы жок жөтөл көйгөйү менен көп кайрылышат. Алар көп учурда "жөтөлгөндө, какырганда көкүрөгүм ооруп жатат, кан аралаш какырып жатам" деп кайрылышат. Биз андай жарандарга эң алгач каттоого туруңуздар деп көп айтабыз. Эгерде алар үй-бүлөлүк дарыгерлердин тизмесине кошулуп алышса, аларды дарыгерлер ар дайым текшерип, көзөмөлдөп турушат. Мындан тышкары жарандарга жылына бир жолу анализ тапшырып, өпкөнү тарттырып, текшерүүдөн өтүүсүн сунуштайт элем.

- Кургак учук оорусун жеңиш үчүн өздүк гигиенаны сактоо маанилүүдөй...

- Бизге кайрылган бейтаптардын көпчүлүгү 22 жаштан 50 жашка чейинкилер. Кургак учук оорусун жеңиш үчүн өздүк гигиенаны, башкача айтканда, тазалыкты сактоо керек. Бүгүнкү күндө, менин байкоом боюнча, эркектер болсун, аялдар болсун эч нерсени карабай эле басып баратып жерге какырышат. Биринчиден, какырып, түкүрүнгөн маданиятсыздык болуп эсептелет. Экинчиден, ошол какырык аркылуу ар кандай оорулар пайда болуп, аба аркылуу башка адамдарга да жугуп калышы мүмкүн.

Үй шартында өз алдынча дарыланган адамдарга айтарым, далилденген ыкмалар менен гана жакшы клиникаларга көрүнүү керек. Ар ким сунуштаган дарылардын баарын ичпеши керек. Анткени ар бир дары-дармектин сөзсүз түрдө тескери таасири болот. Ошондой эле жарнамадагы дарыларды дарыгердин сунуштамасы жок иче бербеш керек.

- Өпкө рагы менен кургак учуктун симптомдору окшош болобу?

- Өпкө рагы менен кургак учуктун симптомдору окшош болот. Өпкөнүн рагы билинбейт. Бейтап дарыгерге көрүнбөй бир-эки жылдай жүрө берет. Качан гана метостаз кеткенде, өпкөнүн рагы өтүшүп кеткенде кайрылышат. Ошол себептен жарандарга айтарым, ооруса да, оорубаса да башынан бутуна чейин толук текшерүүдөн өтүп туруу керек. Ошондо гана өпкөнүн рагын алдын алууга болот. Бизде адамдардын көпчүлүгү өздөрүнүн ден соолугунан акчаларын аяп, текшерүүдөн өтүшпөйт. Көпчүлүк жарандар "дарыгерлер ар нерсени эле жаза беришет" деп кайрадан бизди жаман көрүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан