Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында ата-баланы издөө иши кеч киргендигине байланыштуу саат 18:44тө токтотулду. Бул боюнча ӨКМ билдирди.
Анда айтылгандай, издөө иши эртең, 1-ноябрда кайрадан таң эрте улантылат.
Бүгүн, 31-октябрда издөө иштерине жалпы 116 адам чыгып, 9 дрон тартылды.
Белгилей кетсек, 16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы
Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип,
дайынсыз жоголгон.
Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.