Касымалиев Сауд Арабиянын элчиси менен Кызматташтык боюнча биргелешкен комитеттин жыйынын талкуулады 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. Касымалиев 15-ноябрда Бишкекте өтө турган Кызматташтык боюнча кыргыз-сауд биргелешкен комитетинин жыйынынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстан жемиштүү кызматташууга жана Комитеттин жыйынынын алкагында бардык маанилүү маселелерди талкуулоого даяр экенин билдирди.

Элчи эки тараптуу мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө умтуларын белгилеп, Сауд Арабиянын инвестициялык делегацияларынын, анын ичинде өлкөдөгү алдыңкы компаниялардын алдыдагы иш сапарлары тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Бишкек шаарында билим берүү жана маданият тармагында дагы бир катар иш-чараларды өткөрүү маселесин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан