31-декабрда саат 20:00дөр чамасында Киев көчөсүндөгү 129-үйдүн алдынан Орусиянын 26 жаштагы жараны С.Жагархун Мерседес 320 үлгүсүндөгү унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Мындай маалыматты бүгүн, 2-январда Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Жол кырсыгынын кесепетинен бутунан жаракат алган 24 жаштагы З.Айзада ооруканага жеткирилген. Учурда унаа айып төлөөчү жайга токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.