Актриса Альбина Имашовага өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Мамлекет тарабынан берилген бул наам мен үчүн чоң сыйлык. Бүгүнкү Маданият күнүндө алам деп ойлогон эмес элем" деп жазды ал.
Актриса айым "Беш кемпир", "Той", "Тенгри", "Көпөлөк", "Мегатой", "Баарын кайрадан баштайлы", "Үзүлбөгөн үзөңгү", "Такебай", "Мегатой-2" жана башка бир топ тасмада роль жараткан.
Учурда ал Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы.
Эске салсак, бүгүн, 2-ноябрда Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленип жатат.