Социалдык тармактарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин метродо жүргөн видеосу тарады.
Видео ушул жылдын жай айында Барселонада тартылган. Атамбаевдин жанында уулу Кадыр Атамбаевдин дагы жүргөнүн көрүүгө болот. Учурда Атамбаевдин уулу Бишкекте.
Белгилей кетсек, Атамбаев Испанияда эки жылдан бери жүрөт. Анын жана жакындарынын айтымында, ал дарыланууда. Бул аралыкта Атамбаев Испаниянын премьер-министри Педро Санчес жана башка саясатчылар менен бир нече жолугушууларды өткөрдү.