Бишкекте 5-ноябрдан тарта турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, Биштектин Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында саат 9:00дөн 17:00гө чейин суу болбойт.
Белгилей кетсек, Ак-Жар, Ак-Бата суу алгычтарындагы жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт.