2-ноябрда Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленип, анда актриса Альбина Имашовага өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды. SUPER.KG порталы актриса айымдын сыйлыгын куттуктап, сүйүнүчү менен бөлүштү.
"Бул сыйлыкты менден мурда менин жолдошум аябай күттү" деген актриса айым наамды алгандан кийинки эмоцияларын, негизи эле ал үчүн бул сыйлыктын орду канчалык экенин айтып өттү.
- Эң алгач сыйлыгыңыз кут болсун! Негизи бул жылы күттүңүз беле? Сыйлык ала турганыңызды уккандагы эң алгачкы эмоцияларыңыз кандай болду?
- Баарыңыздарга чоң рахмат. Бул жылы алам деп деле күткөн эмесмин. Бул жогору жактан чечиле турган нерсе экен да, ал жакта кандай болот? Ким кандай чечет? Аны билбейт экенсиң. Мен Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрында иштегениме байланыштуу ал жактагы көркөм кеңеш менин документтеримди "Эмгек сиңерген артист" наамына жөнөтүшкөн. Бирок сыйлык көп этаптардан, баскычтардан өтүп анан берилет эмеспи. Маданият министрлигинин, президенттик администрациянын кароосунан өтөт экен. Бул жылы алам, же кийинки жылы алам деген ой деле болгон жок, жөн гана тийиштүү документтердин кеткенин билчүмүн.
- Сизди көпчүлүк "бул сыйлыкка таттыктуусуң" деп куттуктап жатышат, сиз кандай баа бересиз өзүңүзгө?
- Мен өзүм социалдык тармактарга жарыялаганда баары жакшы каалоолорун айтып, "татыктуусуң, туура берилди" деп жазып жатышты. Ал нерсени окуп төбөм көккө жетип турам. Элдин сыймыгы болуу, элдин үмүтүн актоо бул абдан жоопкерчиликтүү иш. Мен ар дайым ошол жоопкерчиликти алгандан кийин өзүмдүн милдеттеримди аткарганга аракет кылам. Башка кесиптин ээси болсом ал иштин дагы майын чыгара аткарганга аракет кылмакмын. Бизди көрүп жаткан адамдар иренжий тургандай эмес, тескерисинче, ошол нерседен сабак ала тургандай кылып иштегим келет. Баарыңыздарга чоң рахмат. Биз, маданият адамдары, Кыргызстанды өзүбүздүн маданиятыбыз аркылуу таанытканга аракет кылабыз. Бул нерсени мен чет өлкөлөргө барганда сыймыктануу менен жасайм, бул мага абдан жагат.
- Чыгармачылык чөйрөдөгү адамдар сыйлык жөнүндө ар кандай ойдо, кээ бири маанилүү десе, башкалары эң башкысы элдин колдоосу деп айтып калышат, сиз үчүн сыйлык бул...
- Ар бир адамдын оюн, пикирин сыйлам. Мен ар дайым чыгармачылыктагы адамдардын мындай сыйлыктарды алуусун колдоп келем. Анткени мамлекет тарабынан берилген бул сыйлык чоң стимул, эргүү, сыймык болот деп эсептейм. Бул сыйлыктын дагы өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Баарыбыз эле чоң суммадагы айлык маяна алып иштебейбиз да, биз деле айлык алып, аз болсо дагы шүгүр, жетет деп иштеп келебиз. Бул сыйлыкты алганда айлык акыңа эки жарым миң сом кошулат экен. Менин оюмча, сыйлык сөзсүз түрдө керек болот деп эсептейм.
- Сиздер чыгармачылык үй-бүлө болгондон кийин сиз сыйлык алганда жолдошуңуздун сүйүнүчүн сурабай кетсек болбос...
- Чынын айтайын, башкача эмоциялар болду. 1-ноябрь күнү Кырыз милициясынын 100 жылдыгына карата иш-чаралар болуп, ошол жакта жүргөнбүз. Биринде кечинде мага куттуктап чалып калышты, "жаңы "Ынтымак ордого" сыйлыкты алуу үчүн келесиздер, президент өз колу менен наамдарды тапшырат" деп. Мен шок болуп калдым. Негизи сыйлыкты Эгемендүүлүк күнүнө карата, же жыл жаңырышына карата тапшырчуу эле, жаңы жыл болуп калдыбы деп коём. Аябай толкунданып, башым айланып кетти. Ошол учурда жолдошум башка бөлмөдө болчу, эч эле жете албай жаттым. Жолдошума барып, "эртең сыйлыкты алууга чыкырышты" десем, ал дагы нес болуп эле калды. Абдан сонун белек болду. Мен эми укмуш эмгек жаратып салдым дегенден алысмын, эми мындан кийин дагы да эмгектене беребиз.
Бул сыйлыкты менден мурда жолдошум аябай күткөн. "Альбинанын сыйлык алганы менин сыйлык алганым" деп ар дайым айтып келет. "Биз эркектер өзүбүздү коргой беребиз, ал эми аялзаттын биз жок ким коргойт" деп айтат. Кээ бирлер айтып калышы мүмкүн, Альбина биринчи алып алды деп, жок, жолдошум былтыр эле президенттин Ардак грамотасын алган. Ал дагы чоң сыйлыктардын катарында. Менин сыйлыгымды, менин наамымды күткөн эң биринчи адам Арнис. Арнистин эмоциялары дагы аябай башкача болуп, өзү алгандай болуп сүйүнүп жүрөт. Барыңыздарга чоң рахмат.
Альбина Имашова Бүбүсары Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Ал "Беш кемпир", "Той", "Тенгри", "Көпөлөк", "Мегатой", "Баарын кайрадан баштайлы", "Үзүлбөгөн үзөңгү", "Такебай", "Мегатой-2" жана башка бир топ тасмада роль жараткан жана театрда бир нече спектаклдерде башкы каармандын образын аткарган. Учурда ал Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенип келет.