Кечээ, 5-ноябрда "Сосновка" постунда саат 23:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Төө-Ашууда кар жаап, бороон болуп жатат. №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Транспорт министрлиги буга жайкы дөңгөлөк менен жана чынжыры жок чыккан айдоочулар себеп болуп жаткандыгын билдирди.
Эске салсак, кечээ да "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген болчу.