Бет капчан киши майыптыгы бар жалгыз бой атага үй белек кылды (видео)

Социалдык тармактарда өзүнүн кайрымдуулук иштер менен алектенген "Бет капчан киши" деген лакап ат менен белгилүү адам бул жолу майыптыгы бар жалгыз бой кыргыз атага үй белек кылды.

Мындан сырткары ал каарманы Турусбек атанын карыздарын төлөп, дарылануусуна жана Умрага зыярат кылып келүүгө акча каражатын берген.

Бет капчан киши бул жолу жардам берип жаткан Турусбек атанын эки жашы жете элек уулу бар, жубайы жакында эле рак илдетинен улам каза болгон. Ал эми өзү автокырсыкка кабылып, башынан жана бутунан жаракат алган. Ал 3-топтогу майып.

Видеодо Турусбек ата үй белек кылганын укканда ыйлап жибергенин көрүүгө болот.

Адаттагыдай эле беткапчан адамдын бул кадамы көпчүлүктү ыйлатып, жүрөктөрүн элжиретти.

"Жакшылыгыңды көрсөтпөй жаса" демекчи, Бет капчан киши лакап аты менен таанымал адам бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн ким экенин жашырып келет. Ал буга чейин бир канча үй-бүлөгө үй белек кылып, дагы башка көптөгөн жардамдарды көрсөтүп жүрөт.

Беткапчан киши майыптыгы бар жалгыз бой атага үй белек кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан