Жаңы жыл түнү "Ала-Тоо" аянтынан 50 куб таштанды чыгарылды

Жаңы жылда, тагыраак айтканда, 31-декабрдан 1-январга караган түнү “Тазалык” ишканасы “Ала-Тоо” аянтынан эле 50 куб таштанды чыгарган. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков билдирди.

Анын айтымында, тазалоо иштери 01:30да башталып, таңкы саат 5терге жакын аяктап, былтыркыга салыштырмалуу көп таштанды чыгарылган. Ошондой эле 1-январда көчө шыпыргычтар жана таштанды чыгаруучу унаалар саат 10до жумушка чыгып, алгач борбордук көчөлөрдү тазалашкан.

"1-январда "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерин түштөн кийин эс алууга чыгаралы дегенбиз. Бирок, шаар тургундары түшкө жакын ойгонуп, таштандыларды кайра эле толтуруп салышты. Андыктан кызматкерлер кечке чейин иштөөгө аргасыз болушту",- деп кошумчалады вице-мэр өз сөзүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан