Мелания Трамп Жилл Байден менен жолугушуудан баш тартканы айтылды

АКШдагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү Дональд Трамптын жубайы Мелания Трамп азыркы биринчи айым Жилл Байден менен Ак үйдө болчу жолугушуудан баш тарткан. Чет элдик басылмалар "муну менен ал көп жылдар бою калыптанып калган салтты бузду" деп жазышууда.

Белгилүү болгондой, Американын мөөнөтү аяктаган президенти жубайы менен бирге жаңы шайланган лидерди жана анын жубайын Ак үйдө кабыл алат.

Буга чейин шаршемби күнү Байден менен Трамп бийликти өткөрүп берүү маселеси боюнча жолугушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан