Кызыл деңизде туристтик яхта чөгүп кеткенин чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматтарга караганда, кырсык бүгүн, 25-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 5.30да Египеттин Марса-эль-Алам курорттук шаарынын жээгинде болгон. Яхтада 31 турист жана 14 экипаж мүчөсү болгон.
Чөккөн яхтадан аман табылгандар болгону жана калгандарын издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканы кабарланды.