Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун алдында белгилүү хирург Мамбет Мамкеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Анын сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлат.
Мамакеев 24-ноябрь күнү 97 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал 1927-жылы 1-октябрда туулган. Хирургия тармагында 67 жылдан ашык эмгектенген. Ошондой эле 250дөн ашык илимий эмгектин автору, ондогон илимдин докторлорун жана кандидаттарын даярдаган. "Манас" ордени жана башка мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
Мамбет Мамакеевдин аты Кыргызстандын Улуттук хирургия борборуна берилген.